# 99-статья. Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920682..920683>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 99-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-99

---

(1) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдар жазасын өтөйт. (2) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында ушул түзөтүү мекемесине келген, эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдардан башка соттолгондор, ошондой эле жазаны адаттагы шарттарда өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулган соттолгондор адаттагы шарттарда жазасын өтөйт. (3) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгон жана эмгекке ак ниет мамиле кылган соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде бир жыл үч айын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдик шарттарына которулат. (4) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат. (5) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат. (6) Эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттолгондор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат. (7) Кармоонун катаал шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо бир жыл үч айдан кийин жүргүзүлөт. (8) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын үчүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт. (9) Өзгөчө тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин аныкталган эле шарттарда жазасын өтөйт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-98)  
Кийинки берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-100)
