# 97-статья. Катуу тартиптеги түзөтүү абактары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 97-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-97

---

(1) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында, эгерде адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөсө, кылмыштары үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгон эркектер жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгон аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөйт. (2) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында ушул Кодекстин 50 статьясынын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык которулган эркиндигинен ажыратуута соттолгон башка адамдар жазасын өтөшү мүмкүн. (3) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында адаттагы шарттарда жазасын ушул түзөтүү мекемесине келген, эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардан башка соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулган соттолгондор жазасын өтөйт. (4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы учүн жаза-чарасы жок болгон жана эмгекке ак ниет мамиле жасаган соттолгондор жазасынын мөөнөтүнүн кеминде бир жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдик шарттарына которулат. (5) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат. (6) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат. (7) Эркиндигинен ажыратуу жайларында атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттолгон адамдар да алгачкы мезгилде катуу шарттарда кармалат. (8) Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чарасы жок болгондо бир жылдан кийин жүргүзүлөт. (9) Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын төртүнчү жана сегизинчи бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт. (10) Күчөтүлгөн тартиптеги башка абактан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөйт.

---

Мурунку берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-96)  
Кийинки берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-98)
