# 93-статья. Жалпы тартиптеги түзөтүү абактары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 93-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-93

---

(1) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды атайылап жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер, ошондой эле байкабастыктан жасаган кылмышы үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды, оор кылмыштарды атайылап жасагандыгы үчүн биринчи жолу соттолгон, ошондой эле байкабастыктан жасаган кылмыштары үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдар, эгерде адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөсө, өнөкөт кылмыштар үчүн жана коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгондор жазасын өтөшөт. (2) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө, эркиндигинен ажыратуу менен алмашылган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында каралган тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор жазасын өтөөсү мүмкүн. (3) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында адаттагы шарттарда ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор жазасын өтөйт. (4) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чаралары жок болгондо жана эмгекке карата ак ниет мамиле жасаганда жазасынын кеминде алты айлык мөөнөтүн адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдетилген шарттарга которулат. (5) Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат. (6) Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат. (7) Жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жаза-чаралары жок болгондо алты айдан кийин жүргүзүлөт. (8) Катуу шарттардан адаттагы же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга экинчи жолу которуу ушул статьянын төртүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. (9) Жалпы тартиптеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор аларга которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөшөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-92)  
Кийинки берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-94)
