# 90-статья. Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги имарат жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 90-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-90

---

(1) Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө, кинофилъмдерди жана телеберүүлөрдү, тамак-аш азыктарын сатып алууга, аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга тыюу салынат. (2) Жаза-чарасын берүү тартибинде камералык типтеги имарат жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасынын мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын 50%ынан ашпаган суммасын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алуута чыгымдоого;

2) бир аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга;

3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилге чыгууга;

4) мекеменин администрациясынын уруксаты менен бир кыска мөөнөттүү жолугушуу алууга укуктуу.

(3) Камералык типтеги имарат-жайга же жеке камерага которулган соттолгондор башка соттолгондордон өзүнчө иштейт. (4) Соттолгондор айыптык изоляторлордон, камералык типтеги имарат - жайлардан жана жеке камералардан, денесинин бир мүчөсүнө зыян келтирүүгө жана анткорлонуп оорумуш эткенине байланышпаган себептер боюнча, дарылоо мекемелерине которулган учурда, алардын дарылоо мекемелеринде болгон мөөнөтүнө жаза өтөөнүн мөөнөтү кошулуп эсептелет. (5) Соттолгондорду айыптык изоляторлордо, камералык типтеги имарат жайларда жана жеке камераларда материалдык - тиричилик жагынан камсыз кылуу соттолгондорду түрмөдө кармоо үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-91)
