# 9-статья. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 9-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-9

---

(1) Мамлекет соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын урматтайт жана коргойт, жаза өтөөнүн мыйзамда белгиленген шарттарын, социалдык акыйкаттуулуктун, укуктук жана башка жагынан коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат. (2) Жазаларды аткарууда соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жарандардын укуктары жана эркиндиктери жазык, жазык-аткаруу жана башка мыйзамдарда аныкталган алып салуулары жана чектөөлөрү менен кепилденет. Соттолгондор мыйзамда белгиленгенден башка учурларда, өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн эмес. (3) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык келишимдерде, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга ээ болушат жана милдеттерди аткарышат, мында жазык, жазык-аткаруу жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган алып салуулар жана чектөөлөр болушу мүмкүн. (4) Соттолгон чет өлкөлүк жарандар белгиленген эрежелерди сактоо менен жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук берилген органдары жана соттолгон чет өлкөлүк жарандар келген өлкөлөр менен эл аралык макулдашуулардын негизинде өлкөдөн чыгарылып жиберилиши мүмкүн (5) Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардан алып салуулар жана чектөөлөр жазанын айкын түрүн аткаруунун тартибине жана шарттарына негизденип, ушул Кодекс тарабынан аныкталат. (6) Кыргыз Республикасында соттолгонго жана жабырланганга карата элдешүү катары жабырлануучунун жана укук бузуучунун жолугушуулары, жеке кечирим суроосу же тараптар үчүн мүмкүн болгон башка жазуу жүзүндөгү кайрылуулары ирээтинде калыбына келтирүү сот адилеттик жолжобосу колдонулушу мүмкүн. Калыбына келтирүү сот адилеттиги жолжобосу ар бир соттолгонго карата жазаны аткаруу мекемелеринин жана органдарынын администрациялары тарабынан жекече жүргүзүлөт. Жаза аткаруу мекемелери жана органдары калыбына келтирүү сот адилеттиги жолжоболоруна социалдык кызматкерлерди, психологдорду, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тарта алышат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-10)
