# 89-статья. Соттолгондорго карата жаза-чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 89-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-89

---

(1) Жаза-чараларын колдонууда укук бузуунун жагдайлары, соттолгондун инсандыгы жана мурдагы жүрүш-турушу эске алынат. Берилген жаза жоруктун оордугуна жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш. Жаза-чарасы жорук билинген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, ал эми текшерүү жүргүзүлсө, ал бүткөн күндөн кийин, бирок жорук жасалган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилет. Жаза-чарасы, эреже катары, токтоосуз түрдө аткарылат жана өзгөчө учурларда гана ал берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен аткарылат. Бир укук бузуу үчүн бир нече жаза -чара берүүгө тыюу салынат. (2) Сөгүш түрүндөгү жаза оозеки же жазуу жүзүндө, калган жазалар жазуу жүзүндө гана берилет. Жазуу жүзүндөгү жаза түзөтүү мекемесинин зардалынын же аны алмаштырган адамдын жүйөлүү токтому менен берилет. (3) Дисциплинардык жазапул түрүндөгү жаза-чарасы ушул Кодекстин 88-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналып өткөн жаза өтөөнү белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн гана берилет. Токтом соттолгондун колун койдуруп алуу менен жарыяланат. Жазапулдун өндүрүлгөн суммасы түзөтүү мекемеси тарабынан соттолгондорду кармоонун шартын жакшыртууга пайдаланылат. (4) Айыптык изоляторго отургузуу, соттолгонду камералык типтеги имарат жайга жана жеке камерага которуу жаза-чарасынын мөөнөтүн көрсөтүү менен жүргүзүлөт. (5) Камералык типтеги имарат жайга которулган соттолгондорго карата камералык типтеги имарат жайга которуудан башка жаза чараларынын бардыгы колдонулушу мүмкүн. (6) Абактагы балдар үйүндө эмчектеги баласы бар аялдар жана жумуштан кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу бошотулган аялдар айыптык изоляторго жана камералык типтеги имарат жайга которулбайт. (7) Эгерде соттолгон адам дисциплинардык жаза-чарасын өтөгөн күндөн тартып жыл ичинде жаңы жаза-чарасына тартылбаса, анын жаза-чарасы жок деп эсептелет. (8) Соттолгонду айып изоляторунан, камералык типтеги орунжайдан, бир кишилик камерадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга ушул жазаны берген адам тарабынан сыйлоо чарасы тартибинде, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча уруксат берилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-88)  
Кийинки берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-90)
