# 88-статья. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 88-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-88

---

(1) Төмөндөгүлөр: баңги заттарды пайдалануу; майда хулиганчылык; түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн коркутуу, мазактоо же аларга баш ийбөө; бачабаздык, лесбянчылык; иш таштоолорду же башка тобу менен баш ийбөөлөрдү уюштуруу, ошого тете аларга активдүү катышуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар болуп эсептелет. (2) Эгерде соттолгон ушул эки укук бузуу үчүн дисциплинардык же айыптык изоляторго отургузуу түрүндөгү жаза-чарасына тартылса, жыл ичинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кайталап бузуу да, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу катары таанылышы мүмкүн. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн укук бузууларды жасаган соттолгон адам ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи пункттарында каралган жаза-чаралар ага дайындалган шартта жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучу деп таанылат. (4) Соттолгон түзөтүү мекемесинин зардалынын жүйөлүү токтому боюнча кыянаттык менен тартип бузуучу катары таанылъш, ага ошол эле учурда жаза берилет.

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-89)
