# 87-статья. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 87-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-87

---

(1) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн соттолгондорго карата төмөндөгүдөй жаза-чаралары:

1) сөгүш;

2) эки эң аз айлык акынын өлчөмүндөгү дисциплинардык жазапул;

3) түзөтүү абактарында же түрмөлөрдө кармалып жаткан соттолгондорду айыптык изоляторго он беш суткага чейин отургузуу;

4) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган, жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында кармалып жаткан соттолгон эркектерди камералык типтеги имарат жайга, ал эми өзгөчө тартиптеги абактарда алты айга чейинки мөөнөткө жеке камераларга которуу;

5) жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузган соттолгон аялдарды үч айга чейинки мөөнөткө камералык типтеги имарат жайга которуу колдонулушу мүмкүн.

(2) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата жатаканадан тышкары жашоо укугун жокко чыгаруу жана жумуштан бош мезгилинде жатак-абактын чегинен тышкары чыгууга бир айга чейинки мөөнөткө тыюу салуу түрүндөгү жаза-чарасы колдонулушу мүмкүн. (3) Жазасын жатак-абактарда өтөп жаткан соттолгондорго карата ушул статьянын төртүнчү жана бешинчи пункттарында каралган жаза-чаралары колдонулбайт. (4) Тартипти кыянаттык менен бузган соттолгондорго карата ушул Кодекстин 50 - статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-86)  
Кийинки берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-88)
