# 86-статья. Соттолгондорго карата сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 86-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-86

---

(1) Алкыш түрүндөгү сыйлоо чарасы оозеки же жазуу жүзүндө, ал эми калган сыйлоо чаралары жазуу жүзүндө гана колдонулат. (2) Соттолгондорго сыйлоо тартибинде жыл ичинде кошумча түрдө төрткө чейинки жөнөтүүлөрдү же берип жиберүүлөрдү алуута жана төрткө чейинки кыска мөөнөттүү же экиге чейинки узак мөөнөттүү жолугушууларды берүүгө уруксат берилиши мүмкүн. (3) Мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоого:

1) ушул Кодекстин 87 - статьясынын биринчи бөлүгүнүн биринчи жана экинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза - чаралары берилген күндөн тартып үч айдан кийин;

2) ушул Кодекстин 87-статьясынын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү,төртүнчү жана бешинчи пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чараларды өтөгөн күндөн тартып алты айдан кийин жол берилет.

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-87)
