# 83-статья. Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 83-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-83

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун өз демилгелүү уюмдары түзүлүп, алар түзөтүү мекемелеринин администрациясынын контролдугу астында иштейт. (2) Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдардын ишине катышуусу кубатталат жана түзөтүү даражасын аныктоодо эске алынат. (3) Соттолгондорго өзүн-өзү тарбиялоодо, руханий, кесиптик жана жеке өнүгүүдө жардам көрсөтүү; пайдалуу демилгени өнүктүрүү жана соттолгондордун түзөлүшүнө оң таасир көрсөтүү; алардын эмгегин, турмуш тиричилигин жана эс алышын уюштуруу маселелерин чечүү; администрацияга дисциплинаны жана тартипти кармап турууга көмөк көрсөтүү; соттолгондордун арасында мыкты өз ара мамилелерди калыптандыруу; соттолгондорго жана алардын туугандарына социалдык жардам көрсөтүү өз демилгелүү уюмдардын негизги милдеттери болуп саналат. Өз демилгелүү уюмдардын алдында жазаны аткаруунун максаттарына, тартибине жана шарттарына карама - каршы келбеген башка милдеттер да турушу мүмкүн. (4) Соттолгондордун өз демилгелүү уюмдарынын мүчөлөрү кошумча жеңилдиктерден пайдаланбайт. Өз демилгелүү уюмдар жана алардын мүчөлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясынын ыйгарым укуктарына ээ боло албайт. (5) Соттолгондордун өз демилгелүү органдарын түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат. (6) Түзөтүү мекемелеринде өздөрүн жакшы алып жүргөн соттолгондордун ичинен мекемелер менен отряддардын жамааттарынын кеңеши түзүлөт. Эгерде алардын иши ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүгө багытталса, түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка да өз демилгелүү органдары түзүлүшү мүмкүн. (7) Түрмөлөрдө жана камералык типтеги имарат-жайларда кармалып турган соттолгондордун арасында өз демилгелүү уюмдар түзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-84)
