# 82-статья. Соттолгондор менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн негизги түрлөрү жана усулдары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 82-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-82

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду алардын түзөлүшүнө көмөк көрсөтүүчү адеп-ахлактык, укуктук, эмгектик, дене тарбиялык жана башка тарбиялоо жүзөгө ашырылат. (2) Соттолгондор менен тарбиялык иш түзөтүү мекемесинин түрүн, жазанын мөөнөтүн, кармоонун шарттарын эске алуу менен психологиялык - педагогикалык усулдардын негизинде дифференцияланган түрдө уюштурулат. (3) Соттолгондор менен тарбиялык иштерди уюштуруу үчүн түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык материалдык - техникалык база түзүлөт. (4) Соттолгондор менен тарбиялык иштерди жүргүзүүдө мезгилдүү басма сөз, радио, телекөрсөтүү, кинофильмдерди көрүү пайдаланылып, китепкана иши уюштурулат. (5) Айьштык жана дисципплинардык изоляторлордо, камералык типтеги имарат - жайларда кинофильмдер менен телекөрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө уруксат берилбейт.

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-83)
