# 81-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 81-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-81

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү аларды түзөтүүгө; соттолгондордо коомдук пайдалуу иш менен иштөөгө умтулууну, эмгекке ак ниет мамиле кылууну; мыйзамдардын талаптарын жана коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун башка эрежелерин сактоону; билим жана маданий деңгээлин жогорулатууну калыптандыруута жана чыңдоого багытталат. (2) Соттолгондордун өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чараларына катышуусу алардын түзөлүш даражасын аныктоодо, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза-чараларын колдонууда эске алынат. (3) Түзөтүү мекемесинин күн тартибинде тарбиялык иш-чаралары каралышы мүмкүн, аларга соттолгондор милдеттүү түрдө катышат. (4) Соттолгондор менен тарбиялык иш алардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүн, жасаган кылмышынын мүнөзүн жана жагдайларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-82)
