81-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор менен тарбиялык иш жүргүзүү аларды түзөтүүгө; соттолгондордо коомдук пайдалуу иш менен иштөөгө умтулууну, эмгекке ак ниет мамиле кылууну; мыйзамдардын талаптарын жана коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун башка эрежелерин сактоону; билим жана маданий деңгээлин жогорулатууну калыптандыруута жана чыңдоого багытталат. (2) Соттолгондордун өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чараларына катышуусу алардын түзөлүш даражасын аныктоодо, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза-чараларын колдонууда эске алынат. (3) Түзөтүү мекемесинин күн тартибинде тарбиялык иш-чаралары каралышы мүмкүн, аларга соттолгондор милдеттүү түрдө катышат. (4) Соттолгондор менен тарбиялык иш алардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүн, жасаган кылмышынын мүнөзүн жана жагдайларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-81" title="81-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>