# 79-статья. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920688..920689>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 79-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-79

---

(1) Ушул Кодекстин 71-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык соттолгондордун иштеп тапканынан, башка кирешелеринен кармап калуулар аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жүргүзүлөт. (2) Соттолгондордун аларды кармоого кеткен чыгымдардын ордун толтурушу алименттерди, киреше салыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана башка милдеттүү чегерүүлөр кармалгандан кийин жүргүзүлөт. Аткаруу барактары же башка аткаруу документтери боюнча кармоо Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинде каралган тартипте калган суммадан жүргүзүлөт. (3) Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жеке эсебине бардык кармоолорго карабастан, анын айлык акысынын, пенсиясынын же башка кирешесинин 50 пайызынан кем эмеси, ал эми пенсиялык куракка жеткен эркектер менен аялдардын I жана II топтогу майыптардын, жашы жете электердин, кош бойлуу аялдардын, балдар үйлөрүндө баласы бар аялдардын аларга эсептелген эмгек акысынын же башка кирешесинин кеминде 75 пайызынан кем эмеси чегерилет. (4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмесиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып жазасын өтөөдөн бошотулганга чейин пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-80)
