# 72-статья. Кош бойлуу аялдарды, эмчектеги баласы бар энелерди жана балдары бар аялдарды материалдык-тиричилик жагынан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 72-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-72

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл болгон учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы жашашы жана өсүшү үчүн зарыл шарттар түзүлүп берилет. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз түрдө чогуу болушу мүмкүн. Аларга балдары менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн. (2) Соттолгон аялдардын балдары энесинин макулдугу менен туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилиши, болбосо алар үч жаш куракка чыкканда тиешелүү балдар мекемелерине жөнөтүлүшү мүмкүн. (3) Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал аял баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнүч берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы бул баланын балдар үйүндө болушунун убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартууга милдеттүү. (4) Эмчектеги баласы бар сотолгон энелер жана кош бойлуу аялдар кошумча азык-түлүк, аманат жөнөтүүлөрүн жана берип жиберүүлөрдү чектелбеген санда жана ассортиментте алышы мүмкүн. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн кезде жана төрөттөн кийинки мезгилдерде адистештирилген жардам алууга укуктуу. (5) Соттолгон аялдардын балдары жашашы үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-73)
