72-статья. Кош бойлуу аялдарды, эмчектеги баласы бар энелерди жана балдары бар аялдарды материалдык-тиричилик жагынан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
72-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 72-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл болгон учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы жашашы жана өсүшү үчүн зарыл шарттар түзүлүп берилет. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз түрдө чогуу болушу мүмкүн. Аларга балдары менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн. (2) Соттолгон аялдардын балдары энесинин макулдугу менен туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилиши, болбосо алар үч жаш куракка чыкканда тиешелүү балдар мекемелерине жөнөтүлүшү мүмкүн. (3) Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал аял баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнүч берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы бул баланын балдар үйүндө болушунун убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартууга милдеттүү. (4) Эмчектеги баласы бар сотолгон энелер жана кош бойлуу аялдар кошумча азык-түлүк, аманат жөнөтүүлөрүн жана берип жиберүүлөрдү чектелбеген санда жана ассортиментте алышы мүмкүн. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн кезде жана төрөттөн кийинки мезгилдерде адистештирилген жардам алууга укуктуу. (5) Соттолгон аялдардын балдары жашашы үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-72" title="72-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>