# 68-статья. Соттолгондордун кайтаруусуз же коштоосуз жүрүшүнүн шарттары жана тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920688..920689>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 68-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-68

---

(1) Өзгөчө учурларда түзөтүү абактарында оң мүнөздөлгөн соттолгондорго жазасынын кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин, эгерде бул аткарылган иштин мүнөзүнө жараша зарыл болсо, абактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз жүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн. (2) Өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган соттолгондорго; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 2266, 227, 229, 232, 294, 2951, 296, 299 - 2993, 375 жана 376-статьялары менен каралган кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткандар соттолгондорго; өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго; жазасын өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондорго; аракечтиктен, токсикоманиядан, баңгиликтен, ачык түрдөгү кургак учуктан же жыныстык дарттан дарылануунун толук курсун өтпөгөн соттолгондорго; ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарга; кем акыл деп табылгандарга; аталган түзөтүү мекемесинде алты айдан аз болгон соттолгондорго; алынбаган же тындырылбаган жазалары бар соттолгондорго, ошондой эле качып кетиши мүмкүн болгон соттолгондорго кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө жол берилбейт. (3) Кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугу соттолгонго түзөтүү мекемесинин зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен берилет. (4) Кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондор өзүнчө турак-жайларда жайгаштырылууга тийиш. Аларга кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жердеги, бирок түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген чектердеги жатаканада жашоого уруксат берилиши мүмкүн. (5) Кайтарылуучу аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген соттолгондордун жүрүш-турушу түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен жөнгө салынат. (6) Соттолгондор жүрүш-туруш эрежелерин бузган учурда, болбосо жумуштардын мүнөзү өзгөргөндө кайтаруусуз же коштоосуз жүрүү түзөтүү мекемесинин зардалынын токтому менен жокко чыгарылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-67)  
Кийинки берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-69)
