# 67-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун кинофильмдерди жана телеберүүлөрдү көрүшү, радиоберүүлөрдү угушу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 67-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-67

---

(1) Эркиндигинен ажыратуута соттолгондорго кинофильмдер жумасына бир жолудан кем эмес көрсөтүлөт. (2) Соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан сырткары, жумуштан бош сааттарда телеберүүлөрдү көрүүгө уруксат берилет. (3) Соттолгондор жана соттолгондордун тобу өз каражаттарынын эсебинен соода тармагы аркылуу телекабылдагычтарды жана радиокабылдагычтарды сатып алышы, болбосо аларды туутандарынан жана башка адамдардан ала алышат. (4) Соттолгондорго күн тартибинде түнкүсүн эс алуу үчүн бөлүнгөндөн башка мезгилде, радиоберүүлөрдү жумуштан бош сааттарда угууга уруксат берилет. Турак-жай бөлмөлөрү, тарбиялоо ишинин бөлмөлөрү, эс алуу бөлмөлөрү, жумуш иштей турган имарат-жайлар, айыптык изоляторлордун камералары, камералык типтеги имарат-жайлар түзөтүү мекемесинин каражаттарынын эсебинен радиоточкалар менен жабдылат.

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-68)
