# 66-статья. Соттолгондордун адабияттарды жана жазуу куралдарын сатып алышы жана сакташы

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 66-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-66

---

(1) Соттолгондорго бандеролдор, аманат жөнөтүүлөр жана берип жиберүүлөр аркылуу жазуу куралдарын алууга, соода тармагы аркылуу адабияттарды сатып алууга, ошондой эле өзүлөрүнүн жеке эсептериндеги каражаттарынын эсебинен газеталарга жана журналдарга жазылууга чектелбеген түрдө уруксат берилет. (2) Соттолгондорго согушту, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, зомбулукту же катаалдыкты колдогон, ошондой эле порнографиялык мунөздөгү басылмаларды алууга, сатып алууга, жазылууга, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат. (3), соода тармагы аркылуу сатып алынган адабият, соттолгон адам алууга укуктуу болгон аманат жөнөтүүлөр менен бондеролдордун санына киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-67)
