# 63-статья. Соттолгондордун кат алышуусу, акчалай которууларды жибериши жана алышы

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920688..920689>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 63-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-63

---

(1) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурларда, соттолгондорго өзүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды, алардын санына чек койбостон алууга жана жөнөтүүгө уруксат берилет. (2) Соттолгондор тарабынаы жөнөтүлүүчү жана алынуучу кат - кабарлар цензурадан өтөт. (3) Эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган соттолгондордун тууганчылыгы жок соттолгондор менен кат алышуусуна түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен жол берилет. (4) Түзөтүү мекемелеринин ишине контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдарга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар цензурадан өткөрүлбөйт жана бир суткалык мөөнөттөн кечиктирилбестен (дем алыш жана майрам күндөрдү албаганда) тийиштүүлүгүнө жараша жөнөтүлөт. (5) Соттолгондор акчалай которууларды алууга укуктуу, алар анын жеке эсебине чегерилет, ошондой эле жакын туугандарына, ал эми администрациянын уруксаты менен башка адамдарга акчалай которууларды жөнөтүүгө укуктуу. (6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык түрдө кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги соттолгондор өзүнүн жактык эсебине которуу менен кандай гана болбосун акча каражатын алууга жана жакын туугандарына, ошондой эле башка жактарга акча которууларды жөнөтүүгө укуксуз. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-64)
