# 62-статья. Соттолгондордун аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алышы

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 62-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-62

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде эркиндигинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондорго ушул Кодекстин 94, 96, 98, 100, 101, 103, 104 -статьяларында аныкталган санда аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуута уруксат берилет. Бир аманат жөнөтүүнүн же бандеролдун эң жогорку салмагы почта эрежелери тарабынан аныкталат. Бир берип жиберүүнүн салмагы аманат жөнөтүүнүн белгиленген салмагынан ашпоого тийиш. (2) Оорулуу, I жана II топтогу майып соттолгондор, эмчектеги баласы бар энелер, кош бойлуу аялдар жана балдар үйлөрүндө баласы бар аялдар медициналык корутундуда аныкталган санда жана ассортиментте кошумча аманат жөнөтүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү ала алышат. (3) Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталуучу аманат жөнөтүүлөрдүн, берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдордун санына киргизилбейт. Алар түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө аталган соттолгондорду дарылоо үчүн жөнөтүлөт. (4) Соттолгондордун аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алышынын жана аларды карап чыгуунун тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери тарабынан аныкталат. (5) Соттолгондор аманат жөнөтүүлөрдү жана бандеролдорду администрациянын уруксаты менен жөнөтө алышат. (6) Аманат жөнөтүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор каралып чыгат.

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-63)
