# 61-статья. Соттолгондордун туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуусу

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203850)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920685..920686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 61-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-61

---

(1) Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин аймагында: узактыгы төрт саатка чейинки кыска мөөнөттүү, узактыгы үч суткага чейинки узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет. (2) Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет. (3) Соттолгондорго өздөрүнүн өтүнүчү боюнча узак мөөнөттүү жолугушууну-кыска мөөнөттүү жолугушууга, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушууну-телефон менен сүйлөшүүгө, ал эми тарбия абактарында узак мөөнөттүү жолугушууну мекемеден тышкары жерде жашап, абактын чегинен кыска мөөнөткө чыгуу менен алмаштырууга уруксат берилет. Алмаштыруунун тартиби түзөтүү мекемелеринин Ички тартибинин эрежелери тарабынан белгиленет. (4) Соттолгондорго юридикалык жардам алуу үчүн алардын арызы боюнча тапшыруу ордери бар адвокаттар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун жана адвокаттын каалоосу боюнча жолугушуу жекеме-жеке жана убактысын чектебестен берилет. (КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-60)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-62)
