# 60-статья. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алышы

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 60-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-60

---

(1) Соттолгондор өздөрүнүн жеке эсептериндеги акчаларга тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып ала алат. (2) Жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкандарынан тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын суммасы ушул Кодекстин 41, 94, 96, 98, 100, 100-2, 101, 103, 104-статьяларында белгиленет. (3) Акчанын уруксат берилген суммасы өтүп жаткан айда чыгымдалбай калса, соттолгондор чыгымдалбай калган сумманы кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга пайдалана алат. (4) Түзөтүү мекемелеринин администрациясы иш ченемдерин ашык аткарган же оор жумуштарда белгиленген тапшырмаларды аткарган, ошондой эле эмгектин зыяндуу шарттарында иштеген соттолгондордун чыгымдоого уруксат берилген акчаларынын суммасынын өлчөмүн жогорулатууга укуктуу. (5) Соттолгондорго сатууга тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеси жана саны Ички тартиптин эрежелери тарабынан белгиленет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-59)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-61)
