# 57-статья. Түзөтүү мекемелериндеги өзгөчө шарттардын тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203850)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2013 [Закон КР от 16 марта 2013 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203850); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920685..920686>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 57-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-57

---

(1) Табигый кырсык, түзөтүү мекемеси жайгашкан райондо өзгөчө же аскердик абалды киргизүү, массалык тартипсиздиктер, ошондой эле соттолгондор тобу менен баш ийбеген учурларда түзөтүү мекемесинде өзгөчө шарттар тартиби киргизилиши мүмкүн. (2) Өзгөчө шарттардын тартиби колдонулган мезгилде түзөтүү мекемесинде соттолгондордун ушул Кодекстин 9, 11, 12-статьяларында каралган айрым укуктарын жүзөгө ашыруу токтотулушу, кайтаруунун жана көзөмөлдүн күчөтүлгөн варианты, объектиге киргизүүнүн өзгөчө тартиби киргизилиши, күн тартиби өзгөртүлүшү, өндүрүштүк, коммуналдык, турмуш-тиричилик, маданий-агартуу, медициналык-санитардык жана башка кызматтардын иши чектелиши мүмкүн. (3) Өзгөчө шарттардын тартиби Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчисинин жана Ички иштер министринин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган чечими боюнча отуз суткага киргизилет. Өзгөчө учурларда өзгөчө шарттар тартибинин колдонуш мезгили ушул статьяда көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган негиздерде отуз суткага чейин кошумча узартылышы мүмкүн. Түзөтүү мекемелериндеги топтошкон баш ийбөөчүлүктөрдү, массалык башаламандыктарды болтурбоо боюнча ички иштер органдары менен биргеликте пландаштырылган ишчараларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн борборлошкон жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жүктөлөт. (4) Соттолгондордун, иштеген кызматкерлердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына тикелей коркунуч пайда болгондо түзөтүү мекемесинин зардалы ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чараларды, ушундай чечимди кабыл алууга толук укугу бар кызмат адамына токтоосуз түрдө кабарлоо менен өз алдынча киргизе алат. Мындай учурда кызмат адамы кабар алынган учурдан тартып үч сутканын ичинде өзгөчө шарттардын тартибин киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-58)
