56-статья. Түзөтүү мекемелериндеги изин суутпай издөө иши
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөтүү мекемелеринде изин суутпай издөө иши жүзөгө ашырылат, анын милдеттери: соттолгондордун, түзөтүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин жана башка адамдардын кооопсуздугун камсыз кылуу; түзөтүү мекемелерине даярдалып жана жасалып жаткан кылмыштар менен жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу жана бетин ачуу; түзөтүү мекемелеринен качып кеткен адамдарды, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качкандарды белгиленген тартипте издөө; кылмыштарды табууга жана ачууга көмөктөшүү болуп саналат. (2) Изин суутпай издөө иши түзөтүү мекемелеринин изин суутпай издөө аппараттары, ошондой эле өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттин башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-56" title="56-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>