54-статья. Түзөтүү мекемелериндеги тартип жана анын негизги талаптары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Түзөтүү мекемелериндеги тартип - бул мыйзамда жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда соттолгондорду коргоону жана бөлөк кармоону камсыз кылуучу жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тартиби; аларга такай көзөмөл жүргүзүү; аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу; алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашыруу; соттолгондор менен иштеген кызматкерлердин коопсуздугу; соттолгондордун белгилүү категорияларын өзүнчө кармоо; сот тарабынан дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүнө жараша кармоонун ар кандай шарттары: жаза өтөөнүн шарттарын өзгөртүү. (2) Түзөтүү мекемелериндеги тартип жазанын максаттарына жетишүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзөт. (3) Түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Юстиция ми- нистрлиги тарабынан бекитилүүчү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери колдонулат. (4) Соттолгондор түзөтүү мекемелеринде бир үлгүдөгү кийимди кийишет. Кийимдин формасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери тарабынан аныкталат. (5) Жазаны аткаруунун жана өтөөнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында соттолгондорго акчаларды, баалуу кагаздарды жана башка буюмдарды, ошондой эле түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелеринде көрсөтүлгөн башка нерселерди сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. (6) Соттолгондор, ошондой эле алар жашаган турак-жайлар тинтүүгө алынышы, ал эми соттолгондордун буюмдары жекече каралып чыгышы мүмкүн. Жекече тинтүү соттолгондор менен бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор ичинде жүргөн турак-жайларды тинтүүгө кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда жол берилет. (7) Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин аймагында жана ага чектеш жаткан, аларга карата тартиптик талаптар белгиленген аймактарда адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, ошондой эле тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелеринде бекитилген тыюу салынган буюмдар менен документтерди алып коюуга укуктуу.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 25-январындагы № 1 "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана…Приказ · 25.01.2016 · № 1
- (Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын «25»январы № 1 буйругу менен бекитилди) "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин…Инструкция · 25.01.2016 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-54" title="54-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>