# 52-статья. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде бөлөк-бөлөк кармоо

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2016 года № 44 "О внесении изменения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111324)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.04.2016 [Закон КР от 16 апреля 2016 года № 44 "О внесении изменения в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111324); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920687..920688>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 52-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-52

---

(1) Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди; жашы жете электер менен эрезеге жеткендерди бөлөк-бөлөк кармоо белгиленет. (2) Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер менен аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан бөлөк кармалат. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон аялдар бул жазаны мурда өтөп жаткандар менен бир түзөтүү мекемесинде кармалышы мүмкүн эмес. Өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгондор эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмашылгандар башка соттолгондордон бөлөк кармалат. (21) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226 - 226-4, 227, 229, 232, 294, 296, 299 - 299-3, 375 жана 376-статьяларында каралган террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасагандагы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар соттолгондордун башка категорияларынан бөлөк кармалышат жана жазаларын камераларда катуу шарттарда өтөшөт. (3) Соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери өзүнчө түзөтүү мекемелеринде, болбосо башка соттолгондордон өзүнчө кармалат. Бул мекемелерге башка соттолгондор да жөнөтүлүшү мүмкүн. (4) Ушул статьяда белгиленген соттолгондорду бөлөк кармоонун талаптары дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдардын үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Аталган мекемелерге жөнөтүлгөн адамдар сот тарабынан дайындалган абактын ошол түрү үчүн мыйзамда белгиленген шарттарда кармалат. (5) Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен бөлөк жана оорубаган соттолгондордон өзүнчө кармалат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-53)
