# 48-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 48-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-48

---

(1) Соттолгондор жазасын өтөй турган жерге жана жазасын өтөөчү бир жерден экинчи жерге кайтаруу алдында жөнөтүлөт. (2) Соттолгондорду кайтаруу алдында жөнөтүү өзүнчө бөлөк кармоонун эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат: аялдар эркектерден бөлөк, жашы жете электер эрезеге жеткендерден бөлөк; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор башка категориялардан эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандардан бөлөк; соттолгондор-бир жазык иши боюнча тергөөдө жүргөндөр бири-биринен бөлөк жөнөтүлөт. Кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар, жин оорусу менен ооругандар, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандар бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза соттолгондордон өзүнчө, зарыл учурда врачтын корутундусу боюнча медициналык кызматкердин коштоосу менен жөнөтүлөт. (3) Соттолгондорду бир жерден экинчи.жерге жөнөтүүдө аларга зарыл болгон материалдык, турмуш-тиричилик жана санитардык-гигиеналык шарттар камсыз кылынат. (4) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүдө алар маалына жараша кийим жана бут кийим менен, ошондой эле соттолгондор үчүн белгиленген ченемдер боюнча жол жүрүүнүн бүткүл мезгилинде тамак-аш менен камсыз кылынат. (5) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. (6) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүнүн тартиби ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-49)
