Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Соттолгондор жазасын өтөй турган жерге жана жазасын өтөөчү бир жерден экинчи жерге кайтаруу алдында жөнөтүлөт. (2) Соттолгондорду кайтаруу алдында жөнөтүү өзүнчө бөлөк кармоонун эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат: аялдар эркектерден бөлөк, жашы жете электер эрезеге жеткендерден бөлөк; эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор башка категориялардан эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандардан бөлөк; соттолгондор-бир жазык иши боюнча тергөөдө жүргөндөр бири-биринен бөлөк жөнөтүлөт. Кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар, жин оорусу менен ооругандар, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандар бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза соттолгондордон өзүнчө, зарыл учурда врачтын корутундусу боюнча медициналык кызматкердин коштоосу менен жөнөтүлөт. (3) Соттолгондорду бир жерден экинчи.жерге жөнөтүүдө аларга зарыл болгон материалдык, турмуш-тиричилик жана санитардык-гигиеналык шарттар камсыз кылынат. (4) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүдө алар маалына жараша кийим жана бут кийим менен, ошондой эле соттолгондор үчүн белгиленген ченемдер боюнча жол жүрүүнүн бүткүл мезгилинде тамак-аш менен камсыз кылынат. (5) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүү мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. (6) Соттолгондорду бир жерден экинчи жерге жөнөтүүнүн тартиби ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
25.06.2007 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эркектерден бөлөк, жашы жете электер эрезеге жеткендерден бөлөк; алынып салынды: өлүм жазасына тартууга өкүм кылынгандар кошулду: эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор башка категориялардан кошулду: эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандардан бөлөк; соттолгондор-бир жазык иши боюнча тергөөдө жүргөндөр … учуктун ачык түрү менен ооругандар, жин оорусу менен ооругандар, алынып салынды: ВИЧ-жутуштуу кошулду: ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандар бири-биринен бөлөк жана ден соолугу таза … Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-48" title="48-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>