# 47-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жөнөтүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 47-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-47

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын өтөө үчүн тергөө изоляторунун администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги тууралу кабар алган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Ушул мөөнөттүн ичинде соттолгон жакын туугандары менен кыска мөөнөткө жолугушууга укуктуу болот. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. (2) Тергөө изоляторунун администрациясы соттолгондун тандап алуусу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине же туугандарына өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген адам жазасын өтөө үчүн кайда жөнөтүлүп жаткандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. (3) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ар бирине жекече иш ачылат.

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-48)
