# 45-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аткарылуучу жер

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 45-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-45

---

(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын Кыргыз Республикасынын аймагындагы түзөтүү мекемелеринде, эреже катары, бир эле түзөтүү абагында, түрмөдө же тарбиялык абакта өтөйт. (2) Соттолгондор жазаны андан ары өтөө үчүн бир абактан ошондой эле түрдөгү башка абакка же бир түрмөдөн башка түрмөгө которууга ал ооруп калган учурда, болбосо анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, түзөтүү мекемесин кайра уюштурганда же жойгондо, ошондой эле соттолгондун ошол түзөтүү мекемесинде андан ары болушуна бөгөт болуучу башка жагдайларда жол берилет. Соттолгондорду которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. (3) Өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштары үчүн соттолгондор, жазасын түрмөдө өтөөгө соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандыгын ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, соттолгон аялдар, жашы жете электер, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жазасын тиешелүү түзөтүү мекемелери турган жер боюнча өтөөгө жиберилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-17)  
Кийинки берене: [45-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-45-1)
