# 39-9-статья. Эркиндигин чектөөгө соттолгондорду жазаны өтөөчү жерлерге жөнөтүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-9-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-9

---

(1) Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны өтөөчү жерлерге жазык-аткаруу инспекцияларына каттоого туруу үчүн өз алдынча өз эсебинен барышат. Мындай учурларда өкүмдөрдө (аныктамаларда, токтомдордо) баруу үчүн зарыл болгон убакытты эсепке алуу менен соттолгондун канча убакытта жазаны өтөөчү жайга келиши керек болгон мөөнөт көрсөтүлөт. (2) Соттолгон жазаны өтөөчү жайга белгиленген мөөнөттөн кийин он күндүн ичинде келбей койгондо ички иштер органдары ага издөө салат. (3) Соттолгон кармалгандан кийин эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн ал кармалган жер боюнча сотко берилет. (4) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондун инсандыгын, жашаган жерин, жазаны өтөөчү жайга жетүүчү каражаттын барыжогун эсепке алуу менен, соттун аныктамасы боюнча соттолгон жазаны өтөөчү жайга жазык-аткаруу инспекциясында каттоого туруу үчүн кайтаруу алдында жөнөтүлүшү мүмкүн. (5) Эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек бөлүгү эркиндигин чектөө түрүндөгү жаза менен алмаштырылган соттолгондор жазаны өтөөчү жайга каттоого туруу үчүн жазык-аткаруу инспекциясына сөзсүз түрдө кайтаруу алдында барат.

---

Мурунку берене: [39-8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-8)  
Кийинки берене: [39-10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-10)
