39-7-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык үчүн жана жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
39-7-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 39-7-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Төмөнкүлөр түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык болуп эсептелет:
1) жазуу түрүндөгү эскертүүдөн кийин жүйөөлүү себепсиз жазык-аткаруу инспекциясына келбей коюу;
2) жазуу түрүндөгү эскертүүдөн кийин ушул Кодексте белгиленген милдеттерди бузуу;
3) келбей коюу же ишке мас абалында келүү же баңги заттык, болбосо токсикалык мас абалында келүү.
(2) Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык үчүн соттолгонго карата жазуу жүзүндө түзөтүү жумуштарын жазанын башка түрү менен алмаштыруу, ошондой эле соттолгонду айына төрт жолуга чейин катталуу үчүн жазык-аткаруу инспекциясына келип турууга милдеттендирген жазалоо колдонулушу мүмкүн. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандай гана болбосун жазуу түрүндөгү эскертүү жарыялангандан кийин, түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын кайталап бузууга жол берген, ошондой эле жашаган жеринен жашырынып кеткен, жүргөн жери белгисиз адам түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат баш тартуучу катары таанылат. (4) Түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан соттолгондорго карата жазык-аткаруу инспекциясы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 46-2-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык түзөтүү жумуштарын жазалоонун башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө сотко сунуштама киргизет.
7-2-Глава Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруу
(Глава КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-7" title="39-7-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>