# 39-5-статья. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун айлык акыларынан кармоолорду жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-5-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-5

---

(1) Жазык-аткаруу инспекциялары түзөтүү жумуштарына соттолгондун айлык акыларынан кармоолордун тууралыгына жана өз убагында жүргүзүлүүсүнө жана кармалган суммаларды мамлекеттин кирешесине чегерүүгө контроль жүргүзүүнү ишке ашырат. Жазык-аткаруу инспекциялары мындай контролду жүзөгө ашырууга финансы жана салык органдарын тартууга укуктуу. (2) Жазык-аткаруу инспекциясы, соттолгондун өзү же ал иштеген уюмдун администрациясы анын материалдык абалы начарлап кеткен учурда анын айлык акысынан кармоолордун көлөмүн азайтуу жөнүндө сотко өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Кармоолордун көлөмүн азайтуу жөнүндө чечим соттолгондун бардык кирешелерин эсепке алуу менен чыгарылат. (3) Кармоо соттолгондун негизги иштеген жери боюнча ар бир иштелген ай үчүн, ага карата аткаруу документтери боюнча дооматтардын бар экенине карабастан айлык акыны төлөө учурунда жүргүзүлөт. (4) Соттолгондун айлык акысынан кармоолорду жүргүзүүдө анын акчалай жана натуралдык бөлүгү эсепке алынат. Кармалган акчалай суммалар ай сайын мамлекеттин кирешесине чегерилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кармалган айлык акыдан жазык-аткаруу инспекциясына 50% акча каражаттарын алууга укук берилет. Алынган акча каражаттары жазык-аткаруу инспекциясын өнүктүрүүгө жумшалат. (5) Кармоолор соттолуучу тарабынан социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо тартибинде алынган жөлөкпулдардан, бир ирет төлөнүүчү төлөмдөрдөн жүргүзүлбөйт. (6) Түзөтүү жумуштарына соттолгондун убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулу соттун өкүмү менен дайындалган кармоолорду алып салгандан кийинки айлык акыдан эсептелет. (7) Соттун иш боюнча өкүмү бузулган же өзгөргөн учурда, соттолгондун айлык акысынан ашыкча кармалып алынган суммалар ага толугу менен кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [39-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-4)  
Кийинки берене: [39-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-6)
