# 39-4-статья. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча уюмдардын администрациясынын милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-4-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-4

---

(1) Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөгөн орду боюнча уюмдардын администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт: соттолгондун айлык акыларынан кармоолорду өз убагында жана туура жүргүзүү жана кармалган суммаларды белгиленген тартипте чегерүүлөр; соттолгондун өндүрүштөгү жүрүм-турумун контролдоо жана жазык-аткаруу инспекциясына аларды тарбиялоо иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү; жазаны өтөөнүн ушул Кодексте каралган шарттарын сактоо; анын талабы боюнча соттолгондорго карата көрүлгөн кызыктыруу жана жазалоо чаралары жөнүндө, анын жазаны өтөөдөн баш тартуулары тууралу жазык-аткаруу инспекциясына кабарлоо, ошондой эле соттолгонду башка кызмат ордуна которуштуруу же аны жумуштан бошотуу жөнүндө алдынала кабарландыруу. (2) Саналган милдеттерди аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

---

Мурунку берене: [39-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-3)  
Кийинки берене: [39-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-5)
