39-4-статья. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча уюмдардын администрациясынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөгөн орду боюнча уюмдардын администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт: соттолгондун айлык акыларынан кармоолорду өз убагында жана туура жүргүзүү жана кармалган суммаларды белгиленген тартипте чегерүүлөр; соттолгондун өндүрүштөгү жүрүм-турумун контролдоо жана жазык-аткаруу инспекциясына аларды тарбиялоо иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүү; жазаны өтөөнүн ушул Кодексте каралган шарттарын сактоо; анын талабы боюнча соттолгондорго карата көрүлгөн кызыктыруу жана жазалоо чаралары жөнүндө, анын жазаны өтөөдөн баш тартуулары тууралу жазык-аткаруу инспекциясына кабарлоо, ошондой эле соттолгонду башка кызмат ордуна которуштуруу же аны жумуштан бошотуу жөнүндө алдынала кабарландыруу. (2) Саналган милдеттерди аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-4" title="39-4-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>