# 39-3-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-3-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-3

---

(1) Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү соттолгон иштеген учурларда анын айлык акысынан кармоолор жүргүзүлгөн жылдар жана айлар менен эсептелет. Соттолгон иштеген күндөрдүн саны сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн ар бир айына туура келген жумушчу күндөрдүн санынан кем болбошу керек. Эгерде соттолгон көрсөтүлгөн күндөрдү иштеп бербесе жана ушул Кодексте белгиленген иштеп берилбеген күндөрдү жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептөөнүн негиздери жок болсо, түзөтүү жумуштарын өтөө соттолгон тарабынан тийиштүү жумушчу күндөрүн толук иштеп бергенге чейин улантылат. (2) Соттолгон жумушка чыккан күн түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп саналат. (3) Соттолгон жүйөөлүү себептер менен иштебеген учурлар да өтөө мөөнөтүнө кошулуп саналат. (4) Соттолгондун оорусу катары менен алты айдан ашып кетсе Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 71-статьясына ылайык жазык-аткаруу инспекциясы сотко аны жазаны өгөөдөн бошотуу тууралу сунуштама киргизет. (5) Соттолгон жазаны өтөө мезгилинде кош бойлуу болуп калган учурда жазык-аткаруу инспекциясы сотко анын жазаны өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же болбосо кош бойлуулугуна жана төрөтүнө байланыштуу эс алуу берилген күндөн тартып анын жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама киргизет. (6) Эгерде соттолгон эмгекке жарамсыз жана өндүрүштөн ажыратылуу менен окуу жайында окуп жаткан катары таанылса, ошондой эле сот түзөтүү жумуштарын айып салуу менен алмаштыра алат. (7) Жумушчу убактысын кошуп эсептөө колдонулган уюмдарда иштеп жаткан соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтү саналган мезгил ичиндеги белгиленген жумушчу сааттарынан ашпаган жумуш убактысынын узактыгына жараша эсептелет. (8) Жазаны өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошулуп эсептелбейт: ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралгандан башка учурлардагы соттолгон иштебеген мезгил; алкоголдук, баңгизаттык же токсикалык мас болууга же ошолорго байланыштуу аракеттердин натыйжасында ооруп калган мезгил; администрациялык жаза убактысын камакка алуу түрүндө, ошондой эле жазаны өтөп жаткан мезгилде башка кылмыш-жаза иши боюнча бөгөт коюу чарасы тартибинде камакка алынган мезгил.

---

Мурунку берене: [39-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-2)  
Кийинки берене: [39-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-4)
