39-2-статья. Түзөтүү жумуштары түрүндө жаза өтөөнүн шарттары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Түзөтүү жумуштарына соттолгондор белгиленген тартипти жана жазаны өтөөнүн шарттарын сактоого, эмгекке акниет мамиле кылууга, жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана анын чакыруусу боюнча каттоодон өтүү үчүн айына эки жолудан кем эмес келип турууга милдеттүү. (2) Түзөтүү жумуштарына соттолгондордун айлык акысынан, соттун өкүмүндө белгиленген өлчөмдө, бештен жыйырма пайызга чейин кармап калуу жүргүзүлөт. (3) Жазык-аткаруу инспекциясынын жазуу түрүндөгү уруксатысыз соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтүнүн ичинде иш ордунан өз каалоосу боюнча бошотууга тыюу салынат. Уруксат бошотуунун жүйөөсүнүн негиздүүлүгү текшерилгенден кийин берилиши мүмкүн. Бошотууга уруксат берүүдөн баш тартуу жүйөлөнгөн болуш керек. Баш тартуу тууралу чечимге мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга болот. (4) Эгерде соттолгон расмий түрдө жумушсуз болуп саналса, ал сунушталган акы төлөнүүчү жумуштан баш тартууга укуксуз. (5) Соттолгон беш күндүк мөөнөт ичинде иштеген жана жашаган орду өзгөрүлгөнү тууралу жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү. (6) Жазаны аткаруу учурунда жыл сайын берилүүчү ишөргүү, ошондой эле он жана андан ашык күнгө берилүүчү кошумча ишөргүүлөр соттолгон иштеп жаткан уюмдун администрациясы тарабынан жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугу боюнча берилет. Эмгек мыйзамдарында каралган ишөргүүлөрдүн башка түрлөрү соттолгондорго жалпы негиздерде берилет.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-2" title="39-2-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>