# 39-16-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-16-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-16

---

(1) Эркиндигин чектөө түрүндө соттолгондорго карата сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим жазуу түрүндө чыгарылат. (2) Жазалоо чараларын колдонууда тартип бузуунун жагдайлары, соттолгондун ага чейинки жүрүм-туруму жана инсандыгы эске алынат. Жазалоо тартип бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна ылайык келүүсү тийиш. Жазалоо тартип бузуу ашкереленген күндөн тартып он суткадан кечиктирилбестен, эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлсө - ал бүткөн күндөн, бирок тартип бузуу жасалгандан отуз суткадан кечиктирилбестен берилет Жазалоо, эреже катары токтоосуз, ал эми өзгөчө учурларда ал берилген күндөн тартып отуз суткадан кечиктирилбестен аткарылат. (3) Жазык-аткаруу инспекциясынын соттолгондорду көзөмөлгө алууну ишке ашырып жүргөн кызматкери ушул Кодексте каралган сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу укугунан пайдаланат.

---

Мурунку берене: [39-15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-15)  
Кийинки берене: [39-17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-17)
