# 39-15-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдарга карата колдонулуучу жазалоо чаралары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-15-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-15

---

(1) Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандарга карата жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан төмөнкүдөй жазалоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) сөгүш берүү;

2) дем алыш жана майрам күндөрүндө бир айга чейинки мөөнөткө жашаган жердин чегинен тышкары чыгууга тыюу салуу;

3) эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертүү.

(2) Эмгек тартибин, коомдук тартипти жана соттолгондор үчүн белгиленген жашоо эрежелерин бузуу, жазаны өтөп жаткан жерине кайтып келбөө же өз убагында келбей коюу, ага жазуу түрүндө жаза берилген жумуш ордун же жашаган жерин таштап кетүү, ошондой эле ар бир кийинки тартип бузуу мурдагы тартип бузуу үчүн жаза берилгенден кийин кайталанган шартта сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткандыгы үчүн жазаланууга кириптер болуу жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандык болуп саналат. (3) Жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча сот соттолгонго кошумча милдеттерди жүктөй алат. (4) Жазаны өтөөдөн кыянат баш тарткан адамдарга карата жазык-аткаруу инспекциясы эркиндигин чектөөнү эркиндигин ажыратуу менен алмашуу маселелерин чечүү үчүн сотко материал киргизе алат. (5) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянат баш тартуу катары төмөнкүлөр эсептелет: ишөргүүдөн же дем алыш жана майрам күндөрү эс алуудан жүйөөлүү себептерсиз кечигип келүү, ошондой эле иштеген ордун же жашаган жерин жыйырма төрт сааттан ашык убакытка таштап кетүү, бир канча ирет спирт ичимдиктерин ичүү жана медициналык эмес баңги заттарды колдонуу, жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартуу.

---

Мурунку берене: [39-14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-14)  
Кийинки берене: [39-16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-16)
