# 39-13-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен тарбия иштерин жүргүзүү

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-13-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-13

---

(1) Жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен алардын оңолуусуна, эмгекке акниет мамиле кылуусуна, мыйзамдардын жана коомдо кабыл алынган жүрүм-турумдун башка эрежелеринин талаптарын сактоосуна, билим жана маданий деңгээлдерин жогорулатууга багытталган тарбия иштери жүргүзүлөт. (2) Соттолгондор менен тарбия иштери алардын инсандыгынын, жеке өзгөчөлүктөрүнүн, соттолгондордун мүнөзүн жана алардын кылмыш жасаган жагдайларын эсепке алуу менен жүргүзүлөт. (3) Соттолгондордун жүргүзүлүп жаткан тарбиялоо мүнөзүндөгү чараларга жигердүү катышуулары кызыктырылат жана оңолуу деңгээлдерин аныктоодо эске алынат. (4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүгө жана аларды көзөмөлгө алууга коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.

---

Мурунку берене: [39-12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-12)  
Кийинки берене: [39-14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-14)
