39-13-статья. Жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен тарбия иштерин жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жазаны эркиндигин чектөө түрүндө өтөп жаткан адамдар менен алардын оңолуусуна, эмгекке акниет мамиле кылуусуна, мыйзамдардын жана коомдо кабыл алынган жүрүм-турумдун башка эрежелеринин талаптарын сактоосуна, билим жана маданий деңгээлдерин жогорулатууга багытталган тарбия иштери жүргүзүлөт. (2) Соттолгондор менен тарбия иштери алардын инсандыгынын, жеке өзгөчөлүктөрүнүн, соттолгондордун мүнөзүн жана алардын кылмыш жасаган жагдайларын эсепке алуу менен жүргүзүлөт. (3) Соттолгондордун жүргүзүлүп жаткан тарбиялоо мүнөзүндөгү чараларга жигердүү катышуулары кызыктырылат жана оңолуу деңгээлдерин аныктоодо эске алынат. (4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүгө жана аларды көзөмөлгө алууга коомдук бирикмелерди, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-13" title="39-13-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>