# 39-12-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазаны өтөп жаткан адамдардын эмгек шарттары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-12-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-12

---

(1) Эркиндигин чектөөгө соттолгондор ушул Кодексте белгиленген жазаны аткаруунун тартибин камсыз кылган шарттарда менчиктин ар түрдүү формасындагы уюмдарга эмгекке тартылат. (2) Эркиндигин чектөөгө соттолгондордун эмгеги, жумушка алуунун, жумуштан бошотуунун, башка жумушка которуунун эрежелеринен башкасы, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен теске салынат. (3) Соттолгонду башка жумушка, анын ичинде башка жерге которуу жазаны өтөп жаткан жери боюнча жазык - аткаруу инспекциясынын макулдугу жана мүмкүнчүлүгүнө жараша соттолгондун пикирин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [39-11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-11)  
Кийинки берене: [39-13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-13)
