# 39-11-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазаны өтөөнүн тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-11-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-11

---

(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөп жаткан адам көзөмөл алдында турат жана төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылары менен бекитилген жазык-аткаруу инспекцияларынын режимдик талаптарын аткарууга;

2) жазык-аткаруу инспекцияларынын уруксаты жок иштеген, окуган жана жашаган ордун алмаштырбоого;

3) окуудан жана жумуштан бош убактарында жашаган орундарында болууга;

4) жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө тарбия иштерин жүргүзүүгө катышуу жана каттоодон өтүү үчүн жазык-аткаруу инспекциясына келип турууга;

5) окуудан жана жумуштан бош убактарында административдик - аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринде жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты менен күндүз жүрүүгө;

6) жыйырма төрт сааттын ичинде жазык-аткаруу инспекциясына иш же окуу графиктеринин өзгөрүүлөрү тууралу билдирип турууга;

7) белгиленген үлгүдөгү инсандыгын ырастоочу документти өзү менен алып жүрүүгө.

(2) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго негизги жашаган жери боюнча жашап турган шартта жазаны өтөп жаткан жердеги областтын чектеринде жайгашкан жогорку жана орто атайын окуу жайларында билим алууга уруксат берилет. (3) Эркиндиги чектелген түрдөгү жазаны өтөп жаткан соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталган тартипте администрациялык-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чектеринен сыйлык тартибинде эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн кыска мөөнөткө, ошондой эле жакын тууганынын өлүмүнө же анын өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусуна байланыштуу, эки жакка барып келүүгө кетүүчү убакытты эсепке албаганда, беш суткадан ашык эмес мөөнөткө барып келүүгө уруксат берилиши мүмкүн. (4) Соттолгондун өзгөчө жеке жагдайларга байланыштуу кыска мөөнөткө барып-келүү жөнүндө арызы бир суткадан ашык эмес мөөнөттө каралуусу тийиш. (5) Соттолгондун белгиленген мөөнөттө кайтып келүүсүн татаалданткан күтүүсүз жагдайлар пайда болгон учурда, соттолгондун жүргөн жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин жүйөөлөнгөн токтому менен соттолгондун жазаны өтөп жаткан жерге кайтып келүүсүнүн мөөнөтү, кабыл алынган чечим боюнча жаза өтөп жаткан жердеги жазык-аткаруу инспекциясына милдеттүү түрдө тез кабарландыруу менен беш суткага чейин узартылышы мүмкүн. (6) Соттолгон жаза өтөп жаткан жерге белгиленген мөөнөттө кайтып келүүдөн баш тартканда, ал жүргөн жери боюнча ички иштер органы тарабынан, аны кайтаруу алдында жазасын өтөп жаткан жерге жөнөтүү үчүн кармалууга, же болбосо эркиндигин чектөөнү эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды анын кармалган жериндеги сотко берүү керек.

---

Мурунку берене: [39-10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-10)  
Кийинки берене: [39-12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-12)
