39-10-статья. Эркиндигин чектөө түрүндө жазанын мөөнөтүн эсептөө
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү жазык-аткаруу инспекциясы өкүмдү аткарууга кабыл алынган учурдан тартып эсептелет. (2) Эркиндигин чектөө мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-статьясына ылайык алдынала камалган мезгил жана түзөтүү мекемесинен, тергөө изоляторунан кайтаруу алдында эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөчү жерге чейинки мезгилде камакта турган бир күн эркиндигин чектөөнүн үч күнү катары, эркиндигин чектөөгө соттолгондун жазаны өтөөчү жерге өзалдынча жеткен убактысы, жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты менен администрациялык-аймактык бирдиктин (республикалык маанидеги шаарлардын, райондордун) чегинен тышкары жүргөн учурлар эсептелет. (3) Жазанын мөөнөтүнө соттолгондун бир күндөн ашык жумушта же жашаган жеринде өз бетинче болбой калган убактысы, жазык-аткаруу инспекциясынын уруксаты жок администрациялык-аймактык бирдиктин чегинен тышкары кетип калган убактысы, ошондой эле өзалдынча жазаны өтөөчү жайга белгиленген мөөнөттөн ашыкча келген күнү эсептелбейт.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-39-10" title="39-10-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>