# 39-1-статья. Жазаны түзөтүү жумуштары түрүндө аткаруунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 39-1-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-1

---

(1) Түзөтүү жумуштары соттолгондун иштеген орду боюнча, же болбосо жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугу менен аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдары тарабынан соттолгондун жашаган орду боюнча аныкталган жерлерде өтөлөт. (2) Түзөтүү жумуштарына соттолгон жазык - аткаруу инспекциясына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү менен (аныктамасы, токтому) тиешелүү тескемеси түшкөн күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жазаны өтөөгө тартылат. (3) Жазык-аткаруу инспекциялары соттолгондорду эсепке алат; жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт; соттолгондор тарабынан жазаны өтөөнүн шарттарынын сакталышын жана соттолгондор иштеп жаткан уюмдун администрациясы тарабынан сот өкүмүнүн талаптарынын аткарылышын контролдойт; соттолгондор менен тарбиялоо иштерин жүргүзөт; соттолгондордун жүрүм-турумун контролдойт, зарыл болгондо аларды ишке орноштуруу үчүн калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарына жөнөтөт; ички иштер органдарынын жардамы менен алардын жашаган орду боюнча соттолгондордун жүрүм-турумдарын контролдойт; түзөтүү жумуштарына соттолгондордун жазаны өтөө орундарын алмаштыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарына кайрылат; чакыруу боюнча же жүйөөлүү себептерсиз келбей жаткан соттолгондорду каттоого алып келүү жөнүндө чечим кабыл алат; соттолгондорду издөө боюнча алгачкы чараларды жүргүзөт, жүргөн жери белгисиз болгон соттолгондор тууралу материалдарды даярдайт жана соттолгонго издөө салуу тууралу жарыялоо жөнүндө сотко сунуштама киргизет; жаза өтөп жаткан мезгил ичинде өз каалоосу боюнча жумуштан бошотууга уруксат берет. (4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик актыларында каралган тартипте жазык-аткаруу инспекциясынын кызматкери түзөтүү жумуштарына соттолгонду ресоциалдаштыруу процессине жана аларды контролго алууга коомдук уюмдарды, кайрымдуулук уюмдарын жана жеке адамдарды тарта алат.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39)  
Кийинки берене: [39-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-39-2)
