# 37-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун мөөнөттөрүн эсептөө

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 37-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-37

---

(1) Эгерде бул учурда кошумча жазанын мөөнөтү кийинкиге калтырылбаса, негизги жаза катарында же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага карата кошумча катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны, ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруунун мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет. Жазаны аткаруунун мөөнөтүнө соттолгон өзүнө тыюу салынган кызматтарды ээлеген же болбосо ал үчүн тыюу салынган иштин түрлөрүн жүргүзгөн мезгилдин ичиндеги убакыт кошуп эсептелбейт. (2) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза эркиндигинен ажыратууга же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого кошумча жаза катарында дайындалганда ал жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларынан же дисциплинардык аскер бөлүгүнөн бошотулган учурдан тартып эсептелет. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндөгү өкүмдүн талаптары соттолгон эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазасын өтөп жаткан мезгилге да жайылтылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-38)
