# 35-статья. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өкүмдү аткаруу боюнча милдеттери

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 35-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-35

---

(1) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмдүн жол-жоболору соттолгон эмгектик мамилелерде болгон ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы үчүн милдеттүү болуп саналат. (2) Соттолгон иштеген же кызмат өтөгөн ишкананын, мекеменин же уюмдун администрациясы:

1) соттун өкүмүнүн көчүрмөсү жана жазык-аткаруу инспекциясынын билдирүүсү алынгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен соттолгон адамды ал иштөө укугунан ажыратылган кызматынан же эмгектик ишинин түрүнөн бошотууга; соттолгондун эмгек китепчесине кандай негизде, кандай мөөнөткө жана кайсы кызматты ээлөө укугунан же кайсы ишти жүргүзүү укугунан ажырагандыгы жөнүндө жазууга; жазык-аткаруу инспекциясына өкүмдүн талаптарынын аткарылышы жөнүндө кабар жөнөтүүгө;

2) жазык-аткаруу инспекциясынын талабы боюнча жазаны аткарууга байланыштуу документтерди берүүгө;

3) соттолгон менен эмгек келишими өзгөргөн же токтотулган учурларда үч күндүк мөөнөттүн ичинде бул тууралу жазык-аткаруу инспекциясына билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-36)
