# 34-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/11#diff=920681..920682>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 34-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-34

---

(1) Негизги жаза катарында дайындалган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү, ошондой эле негизги жазаларга кошумча жазапул, коомдук жумуштар, үч эсе айып түрүндөгү ошондой эле жазаны шарттуу түрдө колдонбоого соттолгондо жазаны аткаруу соттолгон жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (2) Эркиндигинен ажыратуу же дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү негизги жазага кошумча катары белгиленген белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу мекеме же орган тарабынан, ал эми негизги жазаны өтөп бүткөндөн кийин - соттолгон жашаган жердеги жазык-аткаруу инспекциясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (3) Жазык-аткаруу инспекциясы соттолгондордун эсебин алат; соттолгондор тарабынан соттун өкүмүндө каралган белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакталышына контролдук кылат; соттолгон иштеп жаткан жердеги уюмдун администрациясынын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарышын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн иштөөгө, уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар органдардын өкүмдүн көрсөтмөлөрүн аткарылышын текшерет, тарбиялоо ишин жүргүзүүнү уюштурат. (4) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жазага соттолгон адам негизги жазасын өтөп жаткан мекеменин администрациясы соттолгонду ага тыюу салынган жумуштарды аткарууга тарта албайт. (5) Соттолгон адам аскердик кызматка же альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматка чакырылганда же өткөндө жазык-аткаруу инспекциясы аскер комиссариатына же ал кызмат өтөгөн жерге аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсүн жиберет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-35)
