# 29-статья. Коомдук жумуштар түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

- Документ: [Жазык-аткаруу](https://aqlex.ai/kg/doc/11)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 "Жазык-аткаруу" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 13.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-8/edition/920675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/11/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жазык-аткаруу, 29-статья (14.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-29

---

(1) Соттолгондор: коомдук жумуштар аткарылуучу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ички тартибинин эрежелерин сактоого, эмгекке ак ниет мамиле кылууга; алар үчүн белгиленген объектилерде иштөөгө жана коомдук жумуштардын сот тарабынан белгиленген мөөнөтүн иштеп чыгууга; турган жеринин өзгөрүшү жөнүндө жазык - аткаруу инспекциясына кабарлоого милдеттүү. (2) Соттолгонго негизги иштеген жери боюнча берилген кезектеги өргүүгө чыгуусу коомдук жумуштарды аткарууну токтото турбайт. (3) Соттолгон биринчи же экинчи топтогу майып деп табылганда, ошондой эле соттолгон аял кош бойлуу болуп калганда жазык-аткаруу инспекциясы сотко аларды жазадан бошотуу жөнүндө сунуш жиберет.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/11/st-30)
